«Кыргызкөмүрдүн» Ысык-Көлдөгү филиалында туруктуу коррупциялык схема аныкталды

  • 11 месяцев мурун

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Балыкчыдагы «Ысык-Көл кемечилиги» филиалында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, көмүрдү Бишкек жылуулук борборуна жеткирүү учурунда уурдоо схемасы иштеген.

«Көмүрдү темир жол аркылуу » Ысык-Көл кемечилиги» филиалынын станциясынан Бишкек ЖЭБине чейин ташууда, ошондой эле Балыкчынын кампаларында сактоо учурунда аны эсептен чыгаруу жолу менен сатуу фактылары аныкталды«, — деп билдиришти.

Аудиттин алдын ала корутундусуна ылайык, 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде көмүрдүн жетишсиздиги 6,3 тоннаны түзгөн. Анын наркы 18 млн 995 миң сомго бааланат.

7-июнда УКМКнын кызматкерлери аталган мекемеде тинтүү жүргүзүп, ал жерден кылмыш иши үчүн маанилүү документтерди, ок-дары менен ок атуучу куралдарды жана жасалма автоунаа номерлерин табышкан.

Бул иш боюнча «Кыргызкөмүрдүн» Ысык-Көлдөгү филиалынын директорунун орун басары кармалганы белгилүү болду. Ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелип жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты