Кыргыздын булбулу Элмирбек Иманалиевди эскерүү

Мындан үч жыл мурун эл сүймөнчүгү Элмирбек Иманалиев дүйнөдөн өттү деген кабар кыргыз, казак журтчулугунун кабыргасын кайыштырган. Бүтүндөй калкка аттын кашкасындай таанымал залкар таланттын өмүр баянын, өнөр жолун баяндайбыз.

Айтылуу Эшмамбеттин урпагы

Сөз чебери Элмирбек Иманалиев арабызда тирүү болгондо быйыл бар болгону 45 жашка чыкмак. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.

Иманалиев Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү. Бул тууралуу ал берген маектеринде айткан.

«Менин атамдын ысымы Калил. Аны төрөгөн Тай деген кемпир Эшмамбеттин жалгыз кызы болгон. Башка тукуму калган эмес. Мен ошол Тай чоң апамды кадыресе көрүп, билип калдым. 93 жашында каза болду. Анда мен 12 жашта элем«, — деп эскерген Иманалиев. 

Төкмөлүктүн башаты манасчылык

Сөз чебери 3 жашында эле тамга таанып окуп баштаган. Анын биринчи китеби жомок же алиппе болгон эмес. Төкмө акындын алгач эле окуган китеби «Манас» эпосу болгон. Ошол жаштан баштап эле Манас айта баштаган. 5 жашында колуна комуз алып, улуу өнөрдү үйрөнгөн. 

Төкмөлүк таланты

Мектепте колуна комуз алып, калың элдин алдында ырдап жүргөн кезинде төкмө акын Тууганбай Абдиев анын өнөрүн байкап калып, жаш талантты борборго алдырган. Залкар талант 15 жашында «Ак таңдай — 1993» фестивалында баш байгени жеңип алган. Ошол убактан тарта эл оозуна алына баштаган. Алгач окуусун  Улуттук филармониянын алдындагы студияда баштаган. Кийинчерээк билимин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде уланткан. Өнөр ээси көптөгөн республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон. Төкмө акын “Айтыш” коомдук фондунда устат,  “Төкмө келсе төр бошот” теледолбоорунун негиздөөчүсү, өмүрүнүн акырына чейин жаш акындарга өнөрдөгү устаттык кылган.

Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган.

Обондору

Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант ээси болгон. Кыргыз, казак журтчулугуна ырчы, обончу катары дагы белгилүү болгону маалым. Улуу талант жаш-кары дебей жактырып уккан » Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы»,» Балкыма» чыгармаларынын автору.

Назарбаев менен мамилеси 

Журналисттер 2015-жылы Элмирбек Иманалиевден Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жеке мамилеси бар-жогуна кызыгып сурашканда, ал казак элинин ажосу чыгармачылыгын урматтай турганын айткан.

“Мен ал киши менен бир нече жолу бет маңдай отуруп баарлашкам. Туулган күндөрүндө дагы болдум. Назарбаев биздин Ысык-Көлгө келгенде жолуккан учурларым болду. Казак президенти менен болгон расмий, бейрасмий жолугушууларда ырдап жүрөм. Чыгармачылыгыма урмат менен мамиле кылат. Себеби, өзү өнөргө жакын. Домбрада ойнойт, ыр, обон жазат. Кыргыз-казактын улуу акындары боюнча дээрлик маалыматы кенен», — деген Иманалиев.

 Жеке турмушу 

1995-жылы ырчы Гүлбүбү Орозкул кызы менен баш кошкон. 15 жылдык үй-бүлөлүк жашоодон кийин өнөр ээлери эки ажырым жолго түшкөн. Гүлбүбү Орозкул кызы 2017-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Алардын Айзуура жана Сезим аттуу эки кызы бар. Сөз чеберинин экинчи турмушу Нурзат деген айым. Ал өнөрдөн алыс болсо дагы аны ар дайым коштоп колдоп жүргөн. Жубайлардын эки уул, бир кызы бар.

Акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында кант диабетинен улам каза болгон. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Даярдаган: Айзат Таалайбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты