Кыргыз-өзбек тышкы иштер министрлери  чек арадагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү тууралуу сүйлөшүштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Анда тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты, алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги тышкы саясий байланыштарга, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына анын катышуусу боюнча сааттарды тууралашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр 5-майда Кыргыз Республикасынын аймагында Жалал-Абад облусунун Төбө-Коргон аймагында Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан курал колдонулуп, анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын үч жараны каза болгон окуяны талкуулашты.

Тараптар чек ара аймагындагы терс кесепеттерге жол бербөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү, ошондой эле достук жана ынак коңшулуктун негизинде кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты