Кыргыз-өзбек парламенттер аралык комиссиянын отуруму өттү

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 21-июнда, Чолпон-Ата шаарында парламенттер аралык комиссиянын жыйыны  өттү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат берилди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев парламенттер аралык комиссиянын жыйынын ачып жатып, өзбек эли менен болгон кызматташтык акыркы жылдары айрыкча активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык багыттагы кызматташтык ыкчам өнүгүү жолуна түшкөн. Өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүгө ишенимдүү аракеттер көрүлүп жатат. Башкасын айтпаганда да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча аракеттер ишке аша баштаганы баса белгилөөгө арзыйт.

Өз кезегинде Өзбекстан Олий мажлисинин сенатынын төрагасынын орун басары Содик Сафоев өз ара мамилелерди чыңдоодо эки өлкөнүн парламенттери да олуттуу орун ээлей турганын белгиледи. Комиссиянын кийинки жыйыны Өзбекстанда өтө турган болду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты