Кыргыз-өзбек мамлекет башчылары кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулашты.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана өзбек элинин бакубаттуулугу үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын президенти куттуктоолор жана жылуу каалоолор үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле достук, шериктештик жана союздаштык принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты