Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин ректору дайындалды

  • 9 месяцев мурун

Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин ректору дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек Эл аралык университетинин ректору кызматына Абдилбает Мамасыдыков дайындалды.

Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыз бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов окуу жайдын жамаатын ректорду дайындоо тууралуу буйрук менен тааныштырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты