Кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жыйыны өттү

  • 11 месяцев мурун

13-августтан 19-августка чейин Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек Биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды, ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. 

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты