Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке киргизилди

  • 7 дней мурун

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке киргизилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.   

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун кайрадан ишке киргизилиши мындан ары эки мамлекеттин жарандары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөөрүнө ишенимин билдирди.  

“Буга чейин көп убакыт кезекте туруп “Достук-унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүп келген Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын бир бөлүгүнө “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүүгө шарт түзүлөт. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – бул эл аралык өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу жана жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Биздин көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачып жаткан бүгүнкү аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, социалдык, маданий байланыштарды тереңдетүүгө жана туристтик агымдарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат” деди Төрөбаев.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке киргизилди

 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке киргизилди

Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту мындан 14 жыл мурда өз ишмердигин убактылуу токтоткон болуучу. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты