Кыргыз-өзбек чек арасында «Кара-Багыш» жана «Бек-Абад» өткөрмө бекеттери ишке кирди 

  • 11 месяцев мурун

1-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде жайгашкан “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” өткөрмө бекеттери кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

«Кара-Багыш-автожол” өткөрмө пункту Ош облусунун Араван районунда жайгашкан.

Ал эки тараптуу өткөрүү жайы макамына ээ. Бул бекет аркылуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана транспорт каражатын пайдаланбай, жүксүз, товарсыз (жеке колдонула турчу товарлардан тышкары) жана жаныбарларсыз жөө басып чек араны кесип өтө алышат.

Ал эми “Бек-Абад-автожол” өткөрүү жайы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу өткөрүү жайы болуп эсептелет. Өткөрүү жайынан Кыргызстандын, Өзбекстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, ошондой эле жеке пайдаланыла турчу товарларды эске албаганда кайсы мамлекетке тийиштиги бар экендигине карабастан жүк, товар жана жаныбарлары жок жеңил транспорт каражаттары чек араны кесип өтө алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты