Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

  • 1 год мурун

оКыргызстандын «Өтүкчү», Өзбекстандын «Тул» чек ара бекетинде Кыргызстандын Баткен районунун жана Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдери жана жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алаканы күчөтүү, эки тараптуу маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты