“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”. Текшеребиз

Кечээ, 15-ноябрда, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун дароо үч окууда жактырган. Жыйынга комитеттин 14 мүчөсүнүн 12си катышып, добуш берүү алдында беш депутат — Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова жыйындан чыгып кетишкен. Мадумаров муну кворум жаратпай, келишимди өткөрбөй коюуга аракет экенин айткан. Ошентип, жыйында жети депутат калган.

Мыйзам долбооруна жети депутат “макул” деп добуш беришкен. Бүгүн, 16-ноябрда, жыйында Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин Регламенти бузулганын билдирди. Ал кворум болуш үчүн 8 депутат катышуусу керектигин айтты.

“ПолитКлиника” медиасы кворум болуу үчүн жыйынга канча депутат катышышы керектигин текшерип көрдү.

“Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”

Кечээ биздин комитеттин жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин регламентинин беренесинин талабына карабай, жети киши отурса, мурда Конституцияны чечмелеген жигит чыгып (Жогорку Кеңештин юристи), «Жети депутат отурат, кворум бар, чечим кабыл алына берет!» десе чечим кабыл алынды. Өзүбүз Конституциялык мыйзамды бузуп жаткандан кийин кимден талап кылабыз? Комитетте 14 мүчө бар. Мунун көпчүлүгү сегиз болот. Жетиси жарымы болот. Нурлан Тургунбекович, адилеттүүлүктү сүйгөн, калыстык үчүн күрөшкөн, туруктуу позициясы бар инсан, төрага катары сизден суранам, кечээги комитеттин жыйынына позицияңызды билдирип койсоңуз”, — деди Адахан Мадумаров.

Комитеттин жыйыны өтүүгө канча депутат катышышы керек?

Жогорку Кеңештин Регламентинин 14-беренесинде Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму депутаттардын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн катышууларын билдирет деп жазылган. 

“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”. Текшеребиз

Регламенттин 27-беренесинде дагы комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болот деп көрсөтүлгөн.

“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”. Текшеребиз

Демек, Регламентке ылайык 15-ноябрда, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 14 мүчөсүнүн жарымынан көбү, тагыраагы сегиздөн көп мүчөсү катышканда кворум бар деп эсептелмек. 

Буга чейин, 2022-жылдын 23-майында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны кворум жок өтпөй калган эле. Анда комитеттин алты мүчөсү болсо, жыйынга үчөө гана катышкан. 

“Юрист: Кворум болгон жок”

«Тандем» юристтер коому директору, юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча макулдашуу боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча профилдик комитеттин жыйынында кворум болбогонун билдирди: 

“Бул жерде юридикалык түшүндүрмө: Кыргыз-өзбек чек арасын (анын ичинде Кемпир Абад) аныктоо боюнча макулдашуу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум болгонбу? — Жыйындын башында кворум болуп, парламенттин 12 депутаты катышты (жалпы 14 депутаттын ичинен). Бирок, 5 депутат залдан чыгып кеткенде, ЖКнын Регламентинин 27-беренесинин 3-пунктуна, 82-беренесинин 2-пунктуна ылайык комитеттин жыйыны өз ыйгарым укуктарын жоготту. Андыктан андан ары добуш берүү маселеси болгон жок. “Көпчүлүк” – 8 добуш. Жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор бузулгандыктан, чечимди кабыл алуу үчүн кворум болгон жок”, — деп билдирди ал. 

Бул комитетке кайсы депутаттар мүчө?

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде 14 депутат бар. Бул комитеттин төрагасы Улан Примов. Анын орун басарлары Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Айбек Осмонов. Ал эми калган мүчөлөрү: Чыңгыз Айдарбеков,  Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова, Ырысбек Атажанов, Шайлообек Атазов, Улан Бакасов, Эрулан Кокулов, Жылдыз Таалайбек кызы, Миргүл Темирбаева.

“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”. Текшеребиз
“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”. Текшеребиз

Келишим мыйзам долбоорун колдогон депутаттар кимдер?

Мыйзам долбоорун жети депутат колдоп берди. Ал эми каршы добуш бергендер болгон жок. Алар Улан Примов, Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова, Шайлообек Атазов, Улан Бакасов, Ырысбек Атажанов жана Жылдыз Таалайбек кызы.

“Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин Регламенти бузулду”. Текшеребиз

Жыйынтык:  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралган жыйында Жогорку Кеңештин Регламенти бузулганы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты