Кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүү Өзбекстандын аймагында өтөт

  • 2 года мурун

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүү Өзбекстандын аймагында өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 5-7-майда Бишкекте өткөн эки тараптуу жолугушууга өкмөттүк делегациялар катышып, ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин демаркациялоо боюнча уюштуруу-укуктук маселелер талкууланды.

5-майда өзбек чек арачыларынын огунан Ала-Буканын үч тургуну каза болгон. Алар атасы жана эки уулу экени аныкталган. Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматына караганда, алар чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткич алып өтүүгө аракет кылышкан. 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган. Алар Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз жүк ташып жатканы кабарланган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты