Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоону баштады

  • 2 года мурун

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоого арыздарды кабыл алууну баштады. Бул тууралуу “Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду” башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов 12-майда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, инвестициялык долбоорлорду каржылоонун пайыздык чени 1,5 — 7,25% түзөт. Пайыздык чендин төмөн болушу төрт критерий менен каралат. Алар: Кыргызстандын экономикасына салым кошуу, Венгрия тарап менен кызматташуу (товар, жабдык алуу), долбоордун узактыгы жана маанилүүлүгү, ошондой эле күрөө.

“Каржылоонун мөөнөтү 10 жыл жана насыянын максималдуу өлчөмү бир насыя алуучуга 5 млн доллардан ашпоого тийиш. Учурда уставдык капиталдын өлчөмү 16 млн долларды түзөт. Аны алдыда 50 млн долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Насыяларды берүүдө кичи ГЭС, айыл чарба тармагына: асыл тукум мал, бал жана балык тармагына артыкчылык берилет”, — деп билдирди төрага.

Эркинов белгилегендей, арыз бергендердин финансылык абалы туруктуу болушу шарт. Насыя тарыхы таза, салык, соцкамсыздоо жана башка төлөмдөр боюнча карызы болбошу керек.

“Жогорудагы айтылган Венгриядан алган жабдуулар же кызмат көрсөтүүлөр болобу, долбоордун минималдуу үлүшү 30 пайыздан кем болбошу керек. Инвестициялык долбоордун ээсинин баштапкы төлөмү жалпы сумманын 15 пайызынан кем эмес, ал эми долбоорду каржылоодо 30 пайыздан кем эмес өлчөмдө киргизүүсү керек”, — деди ал.

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду 2021-жылдын 7-сентябрында эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан ратификацияланган. Фонд өз ишин 2021-жылдын 5-ноябрь айынан баштаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты