Кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмо иштелип чыкты
- 2 недели мурун
21-сентябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмосунун бет ачары болуп өттү.
Бул тууралуу аталган комиссия билдирди.
Комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев колдонмодо орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүү шарты каралганын билдирди. Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү.
«Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмо долбоорунун жетекчиси Данияр Карабаев келген конокторго колдонмону кантип көчүрүп, катталуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды (колдонмо аркылуу) өткөрдү.
Сүрөт: Мамлекеттик тил комиссиясы
Муну бөлүшүү