«Кыргыз темир жолу» эл аралык жана ички поезд каттамдарынын графиги өзгөргөнүн маалымдады

  • 8 месяцев мурун

«Кыргыз темир жолу» ишканасы 10-декабрдан тарта шаардык жана эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графиги өзгөрөрүн маалымдады.

Ага ылайык, Бишкек-Шу-Казань багыты боюнча эл аралык эки топтук жүргүнчү поезди жаңы график боюнча жумасына бир жолу жекшемби күндөрү каттайт. Бишкек-2 бекетинен саат 15:25те чыгып, Казанга 06:58де жетет (Москва убактысы боюнча).

Ички каттамдар боюнча Бишкек-Токмок багытындагы поезд борбор калаада саат 17:25те чыгып, Токмок бекетине саат 19:42де жетет. Ал эми Токмоктон саат 05:05те чыгып, Бишкекке саат 07:21де келет.

Бишкек-Кайыңды багыты боюнча каттам Бишкек-2 бекетинен саат 17:41 чыгып, Кайыңдыга 20:10до келет. Кайыңды бекетинен саат 05:07де чыгып, Бишкек-2ге 07:32де келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты