Кыргыз-тажик тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү

  • 2 года мурун

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу маселелери боюнча орун басары Розмари Дикарлонун катышуусунда жолугушуу өткөрүштү. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз болуп, тараптар маселени мындан ары тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдиришти.

Сүйлөшүүгө катышкандар быйыл 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышты жөнгө салуу боюнча кабыл алынган протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты