Кыргыз-Тажик топографиялык жумушчу топ жолугушту

  • 8 месяцев мурун

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Баткен шаарында, Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.  

Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана  бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.  

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 

Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн жана  достуктун алкагында өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты