Кыргыз-тажик чек арасындагы Паскы-Арык тилкесинде ок атышуу токтоду

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы Паскы-Арык тилкесинде ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

14-сентябрь саат 15:08ге карата Баткен районунун Паскы-Арык жерлигинде Тажик чек арачылары Баткен чек ара отрядынын “Самаркандек” чек ара заставасынын чек арачыларына көздөй ок атышкан.

Саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.
        
Ошентип, саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө.

Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты