Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат
- 2 года мурун
Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандар тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Лейлек районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна эки жабырлануучу жаткырылды.
1. Г. у Б., 21 жашта. Абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.
2. И. к Б., 31 жашта. Абалы өтө оор, тез арада операцияга алынды.
Дары-дармектер жана медициналык буюмдар, кан компоненттери жетиштүү санда бар.
Муну бөлүшүү