Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабырлануучулардын саны 55ке жетти

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабырлануучулардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат

Саат 18:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 55 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
Жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 23 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек 22 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,
4. Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу,
5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
Ошондой эле, 1 адам өлүмү катталганын маалымдайбыз, 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумган. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты