Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын саны 18ге жетти

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо координаторунун ыкчам маалыматы боюнча, 16-сентябрда саат 11:00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына 18 жабырлануучу түшкөн.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк бериле турганы айтылды.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты