Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 15 жаштагы окуучу кыз каза болду

  • 2 года мурун

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу Sputnik.kg кыздын атасы Малик Маннановго таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, маркум кыз Лейлек районундагы Достук айылынын «Достук» орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылын көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чырдан жабыркагандардын саны 42ге жетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты