Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өттү

  • 2 года мурун

13-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали жетектеди.

Сүйлөшүүдө тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.

13-апрелде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде өткөн. Андан кийин тараптар ок атышуу болгон аймакта — Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолуккан.

Тажик тарап сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали 12-апрелде да жолугуп, чек арадагы кырдаалды курчутпоо, чыр-чатактарды болтурбоо тууралуу макулдашкан, бирок өтпөй эле ошол күнү кечинде дагы ок атылган окуя катталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты