Чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат»

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда. Ошол эле убакта Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты