Кыргыз-тажик чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо талкууланды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода чек арада жолугуп, коомдук коопсуздук жана башка маселелерди талкуулады.

Баткен райондук акимчилиги 20-майда кабарлагандай, тараптардын жолугушуусу Ак-Сай айылынын чек арага жакын Тумба жеринде болду.

Анда 25-май — мектептердеги акыркы коңгуроо иш чараларына байланыштуу чек аралаш аймактарда түрдүү инциденттердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптын укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, атайын кайгуулдарды уюштуруу макулдашылды. Ошондой эле эл көп топтолгон жерлерде ыкчам чара көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо макулдашылды.

Жыйынга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелериндеги жаңжалдар күчөп отуруп, эки мамлекет ортосунда 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка жеткен. Эки тараптан бир канча киши набыт кеткен окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.

Жаңжалдардан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин, эл арасында ынтымакты сактоого чакырган жолугушууларды жанданткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Расмий акыркы маалыматтарга ылайык, 50-55-чакырымдай такталбаган тилке калганы айтылып келет.

Сурөттө: Баткен райакими Учкунбек Жоробаев (солдо) менен Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода. Баткен.19-май, 2024

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты