Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын арасында жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Сомониен (Тажикстан) айылы аркылуу Дахма айылын көздөй бара жаткан Кыргызстандын М.Н. аттуу жаранына Тажикстандын жараны орой сөздөрдү айта баштаган. Экөөнүн ортосунда мушташ чыгып, ал таш ыргытууга айланган.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Кыргызстандын жараны эскертүү иретинде аңчылык куралынан асманга үч жолу ок чыгарган.

Окуянын жагдайын жана себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты