Кыргыз-Тажик чек арасынан жабыркагандардын саны 31ге жетти

  • 2 года мурун

Кыргыз-Тажик чек арасынан жабыркагандардын саны 31ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу келип түштү. Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты