Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн теңтөрагалары жолугушту

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 26-январдаТажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.  

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты