Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болду.  

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.  

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашышты. 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты