Кыргыз-тажик чек арасы: Кыргыз тарап күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

  • 3 года мурун

 Кыргыз тарап күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшкөнү кабарланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басvа сөз кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүп жатканын билдирди.

Кечээ, 25-декабрда, болжол менен саат 14.30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жергесинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн аймагындагы постко миномет орнотушкан.

Кыргызстандын Максат жана Дамба айылдарынын тушунда Тажикстандын аймагында кошумча тажик аскер кызматкерлери байкалган.

Саат 19.40 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун аймагындагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарынын болжол менен 4 автоунаасын таш бараңга алышкан. Андан  Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес, бирок унаалар жабыркаган

Чыр-чатак орун алган жерге Кыргызстандын Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы келип эскертүү иретинде 3 жолу асманга ок аткандан кийин, Тажикстандын жарандары өздөрүнүн аймагына качып кирип кетишкен.

Чыр-чатак орун алгандан кийин дароо эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара застава башчылары кырдаалды жөнгө салуу жана кошумча чек ара кезметтерин коюуу максатында жолугушкан.

Тажик тарап өз учурунда чыр-чатака тиешеси бар адамдарды издөө жүргүзөөрүн билдирди.

Мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты