Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк делегациялардын теңтөрагаларынын жолугушуусу болду

  • 5 дней мурун

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашты жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.  Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты