Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү 

  • 6 месяцев мурун

21-27-январь күндөрү Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүп, ишти Кыргызстандын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантууну чечишкени айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты