Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду

  • 1 год мурун

3-июлдан 9-июлга чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу Баткенде  өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басмс сөз кызматы маалымдады.  
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы белгиленди. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда болоору пландалууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Сүрөт: МинКаб.басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты