Кыргыз-тажик чек арасы: Абал туруктуу

  • 2 года мурун

15-июнга, саат 10.30гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, түн тынч өттү, терс окуялар, чыр-чатактар катталган жок.

Кечээ, 14-июнда, саат 19:30дан 20:35ке чейин Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө жерлигинде Кыргыз Республикасынын Баткен багыты менен Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга тараптардын жооптуу аймактардагы чек ара заставаларынын башчылары да катышты.

2022-жылдын 14-июнунда Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын жагдайларын эске алуу менен, ошондой эле мамлекеттик чек аранын башка аймактарында кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында, тараптардын чек ара заставаларынын башчыларына кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

Кийинчерээк саат 20:40тан 21:20га чейин Кыргыз Республикасынын “Кызыл-Бел-авто жол” жана Тажик Республикасынын “Гулистон-авто жол” өткөрүү пункттарынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Баткен жана Тажик Республикасынын Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу тараптардын укук коргоо органдарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

14-июнда эртең менен Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты