Кыргыз-тажик чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагаларынын жолугушуусу болду

  • 7 месяцев мурун

Баткен облусунун Баткен шаарында12-январда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти. 

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты