Кыргыз-тажик акыйкатчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү. Анда эмне жөнүндө сөз болду?

  • 2 года мурун

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Тажикстандын омбудсмени Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Атыр Абдрахматова Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонууга жол берилбестигин баса белгиледи. Тажик кесиптешине Тажикстандын аскер кызматкерлерин ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстандын аймагындагы тынч элге, жарандык объектилерге аткылоодон аялдар, балдар жабыркап курмандык болууда, элдин үйлөрү, социалдык инфраструктурасы өрттөлдү. Ошол эле учурда Тажикстандын да тынч жашап жаткан жарандардын “тирүү калкан” катары колдонулушу жалпы адам укуктарын бузууда. Кыргыз Республикасынын аймагын жана Кыргызстандын жарандарын аткылоону токтотуу максатында Абдрахматова аткыланган аймакта эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Тараптар үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты