Кыргыз-Түрк ооруканасы Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлдү

  • 2 года мурун

Кыргыз-Түрк «Достук” ооруканасы Бишкек шаардык муниципалитеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен 2017-жылы курулган оорукана 72 кишиге эсептелген. Анын ичинен 21 реанимация керебети, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка диагностикалык аппараттар бар.

Оорукананы башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан, анын курулушу 2017-жылы бүткөнүнө карабай 2020-жылы гана ишке берилген. Жыйынтыгында, келишим 2021-жылы ратификация болгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты