Кыргыз спортчулары кураш боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

  • 8 месяцев мурун

Кыргызстандын кураш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекболот Токтогонов жана Жамалбек Асылбек уулу Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн “World Series Masters” Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

+100 кг чейинки салмакта Бекболот Токтогонов күмүш медалга ээ болсо, 90 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, кураш боюнча “World Series Masters” Дүйнө чемпионаты 22-ноябрь күнү өтүп, жеңүүчөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлык тапшырылды. 1-орунга 10 000 АКШ доллары тапшырылса, 2-орунга 5000 доллар жана 3-орун 1000 доллар акчалай сыйлык ыйгарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты