Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Малик Аликеев 17-январда 53 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу сахналаштары социалдык тармакта кабарлашты.

Ырчы өзү туулуп-өскөн Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жашап жаткан, сөөгү ошол жерден жерге берилери кабарланды. Коштошуу зыйнаты качан болору азырынча айтыла элек.

Малик Аликеев элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», Сардал кыз» сыяктуу ырларды аткаруу менен таанылган.

Былтыр 4-декабрда ал улуттук филармонияда “Өмүр жөнүндө ой толгоо” аттуу жеке концертин берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты