Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, театр жана кино жаатында эмгектенген инсандар, күйөрмандары, жакындары келишти.

Эдил Байсалов Асанкул Осмонов кыргыз элинин эсинде “Айкөл Манаста” — Кошойдун, “Курманжан Даткада” Алымбек Датканын, Кудаяр Хандын, “Манастын уулу Семетейде” – Бакайдын, «Омар Хайямдын махабатында» Шахтын, Ш. Садыбакасовдун “Ак боз атында” Шырдакбектин, Т. Касымбековдун «Токтогулунда» Ниязалынын, «Ричард III тө», Король Эдвардын, «Король Лирде” Король Францтын, Шекспирдин «Отеллосунда » Людовиктин ролдорун жогорку чеберчиликте аткарганы менен элдин эсинде каларын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты