Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнөдөн кайтты

  • 5 месяцев мурун

Таланттуу, чебер сатирик, юморчу жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Султанович Рысбаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз телерадио берүү компаниясында редактор болуп баштаган.

1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү.
Бир катар аңгемелердин, сатилалык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты