Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленет

  • 9 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, II даражадагы Манас орденинин ээси, белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өтөт.

Мааракелик иш чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында белгиленет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты