Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди

  • 9 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 23- октябрда өттү. Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов, Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов жана башка акын- жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү Жалил Садыковдун жакындары катышты. Кайрат Иманалиев өз сөзүндө Жалил Садыков өмүрүнүн аягына чейин кыргыз адабиятына, анын ичинде поэзия, драматургия жанрында өзгөчө чыгармаларды жаратуу менен тарыхта калганын, анын чыгармалары түбөлүктүү экендигин белгиледи. Салтанаттуу кечеде акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, ырдалып, “Төлгө” спектаклинен үзүндү тартууланды. Ошондой эле Жалил Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндө тартылган тасма көрсөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты