“Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамы буга чейин кимдерге, кайсы эмгеги үчүн ыйгарылган? (Фактчекинг)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда бир катар саясий жана коомдук ишмерлерге сыйлык тапшырды. Алардын арасында “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасын алгандар дагы бар.
Президенттин жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку наамы менен экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маркум мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев жана кинорежиссер Болот Шамшиев сыйланды.
Бул жогорку наамдын атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевге ыйгарылуусу боюнча соцтармактын колдонуучулары ар түрдүү пикирлерди жазышууда:
Президент Жапаров Камчыбек Ташиевге бул жогорку наам негизинен улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу ыйгарылганын билдирди.
«Кара ниет чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Өлкө башына караан күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн «баатыр» сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Мен муну өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейинки «эл уулу» атанткан иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы көрүп жүрөт. Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту чыңдоо, чек араны бекемдөө, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындан сырткары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чейрек кылымдан бери бүтпөй келген зор иштерди бүтүрдү. Азырынча бул иштер сыр болуп турат, убагы келет, кийинчерек ачыктайм», — деди Жапаров.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ага бул наамдын ыйгарылуусу күтүүсүз болгонун сыйлык тапшыруу аземи аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көптөгөн жылдар өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап берди», — деди Ташиев.
“ПолитКлиника” медиасы бул жогорку наам тууралуу мыйзамда эмнелер жазылганын жана буга чейин ал кимдерге ыйгарылганын текшерип көрдү.
«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку мамлекеттик наамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде 1996-жылдын 16-апрелинде түзүлгөн. Аталган мыйзамдын 3-беренесинде «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылары жазылган.
Мыйзамга ылайык, бул наам менен бирге “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси жана тиешелүү күбөлүк тапшырылат. Ошондой эле бул наам президент тарабынан ишмерге бир гана жолу берилет.
“Ак Шумкар” өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына, башка орден жана медалдардын үстү жагына тагылат.
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамы кимдерге жана кайсы эмгектери үчүн ыйгарылган?
Бул жогорку наам түзүлгөндөн бери 26 жылдын ичинде 28 коомдук жана саясий ишмерге ыйгарылган. Быйыл рекорддук санда — беш адамга ыйгарылып жатат. Ошону менен бул наамга ээ болгондордун саны 33тү түздү.
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы алгачкылардан болуп 1997-жылы 4-февралда президенттин жарлыгы менен жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбековго кыргыз элинин руханий маданиятынын казынасына кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгүндөгү жогорку жарандык позициясы үчүн; Чыңгыз Айтматовго улуттук маданияттын казынасына кошкон зор салымы, кыргыз элинин руханий баалуулуктарын эл аралык аренада кеңири жайылтканы жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн жана скульптор Тургунбай Садыковго монументалдык искусствону өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, скульпторлордун улуттук мектебин негиздегендиги жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн ыйгарылган.
1998-жылы аталган наам космонавт Салижан Шариповго космосту изилдөөгө кошкон зор салымы, эрктүүлүгү жана мекенчилдиги үчүн ыйгарылган.
1999-жылы мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев Кыргызстандын элине жана мамлекетке сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы менен сыйланган.
Бул сыйлык 2000-жылы кино жана театр актрисасы Сабира Күмүшалиевага кыргыз театр искусствосун жана киносун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.
2002-жылы “Нарынгидроэнергокурулуш” ишканасынын кызматкерлери Курманбек Арыковго жана Акбаралы Кабаевге Нарын каскадынын ГЭСтерин куруудагы жан аябас жемиштүү эмгеги жана Кыргызстандын экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.
2003-жылы дирижёр жана композитор Асанкан Жумакматов республиканын профессионалдык музыкалык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн, 2004-жылы хирург Мамбет Мамакеев өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жигердүү коомдук ишмериги үчүн сыйланган.
2005-жылы бул сыйлык мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевге Кыргызстандын элине жана мамлекетке сиңирген эмгеги, мекенге жан аябай кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылган.
2006-жылы акын Сүйүнбай Эралиев кыргыз элинин руханий маданиятынын казынасына кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүктөгү жогорку жарандык позициясы үчүн “Кыргызстандын Баатыры” наамын алган.
Бул сыйлык 2007-жылы акын Сооронбай Жусуевге жана жазуучу Төлөгөн Касымбековго улуттук маданияттын казынасына, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүктөгү жогорку жарандык позициясы үчүн ыйгарылган.
Эки жылдан соң, 2009-жылы өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы хирург Эрнст Акрамовго саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн ыйгарылган. Ал кезде Акрамов Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган.
2010-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы мамлекеттик ишмерлер Исхак Раззаковго (көзү өткөндөн кийин) жана Күлийпа Кондучаловага Кыргызстан элине жана мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле Дооронбек Садырбаевге (көзү өткөндөн кийин) кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүктөгү жогорку жарандык позициясы үчүн ыйгарылган.
2011-жылы ошол кездеги жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов демократиялык баалуулуктарды, элдин биримдигин коргоого кошкон салымы, коомдук ишмердүүлүктөгү жогорку жарандык позициясы жана эрктүүлүгү үчүн аталган наамга ээ болгон.
Бул жылы кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүктөгү жогорку жарандык позициясы үчүн жазуучу Бексултан Жакиев жана өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн нейрохирург Миталип Мамытов “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын алган.
2013-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматов мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымы, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн талыкпаган эмгектин үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн, 2014-жылы манасчы Жусуп Мамай “Манас” эпосун сактоодогу эмгеги, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга кошкон зор салымы үчүн өлкөнүн эң жогорку наамына татыган.
2017-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков өзүнөн мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге эл алдындагы өзгөчө кызматы, Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем пайдубалды түзүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле саясий эрки жана кайраттуулугу үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгарган.
2019-жылы бул мамлекеттик жогорку наам маркум мамлекеттик ишмерлер Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго Кыргызстандын элине жана мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылган.
2021-жылы мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахмановго жана Ахматбек Сүйүмбаевге көзү өтүп кеткен соң Кыргызстандын элине жана мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамы ыйгарылган.