Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Лейлекте ГЭС курууга 5 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлдү

  • 2 года мурун

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду «Лейлек» кичи ГЭСинин курулушуна 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу фондун расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 мегаватты түзүп, жылына 26,3 миллион киловатт-саат электр жарыгын өндүрөт. Баткен облусун 3,5% электр менен камсыздай алат. Чакан ГЭСтин курулушу 2023-жылы март айында бүтөрү пландалып жатат. Долбоордун курулушун “Кыргыз Каганат” ишканасы ишке ашырууда.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Бийлик энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик берилгенин айткан.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты