Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду «Куланак» ГЭСин курууга 44 млн доллар бөлөт
- 2 года мурун
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Нарын облусундагы «Куланак» ГЭСин курууга 44 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулушун каржылоо Москвада өткөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды.
Жыйынга Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков катышты.
«Куланак» ГЭСинин курулушуна аталган фонддон 44 млн доллар бөлүнөт. Бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18%га кыскартууга жардам берет. Курулуш мезгилинде 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 97 жумушчу орун түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аталган фонд Чүй облусунун аймагына жаңы заманбап цемент заводун курууга 45 млн доллар бөлөт.
Финансы министрлиги бул насыялар жеңилдетилген негизде берилерин белгиледи.