Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма тартылды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Кыргызфильм улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый көркөм тасмасын көрүүчүлөргө сунуштайт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тасма Жусуп Абдрахмановдун өмүрү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ролу тууралуу баяндайт. Кинонун окуясы XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый мезгилди камтыйт.
Долбоордун режиссёру — Таалайбек Кулмендеев. Тартуу иштери Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринде жүргүзүлгөн.
Тасманын бет ачары 25-августта өтөт. Ошондой эле тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.
Сүрөт: Интерет булактарынан




