Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункулов акыркы сапарга узатылды

  • 3 года мурун

Жумаалы Момункуловдун маданият тармагына кошкон салымы, адамдык парасаты жана жооптуу кызматтарда өзүн такшалган жетекчи катары көрсөтө алган сапаттарын эскеришти.

Коштошуу зыйнатына туугандарынан сырткары маданият тармагынын өкүлдөрү, кесиптештери катышты.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Жумаалы Момункулов 1937-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Эмгек жолун Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайында ардактуу мугалимдик кесиптен баштаган.  

Андан кийин Фрунзедеги балдардын П. Шубин атындагы музыкалык мектептин педагогу, окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары, республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын директору,  Шубин атындагы мектептин директору, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, маданият министринин орун басары, тарых музейинин директору болуп иштеп,  уюштуруучулук жөндөмүн көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты