Кыргыз-кытай кызматташуу маселелери талкууланды

  • 12 месяцев мурун

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын жана «Борбордук Азия-Кытай» Саммитине катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды даярдоо жана өткөрүү маселелери, анын ичинде министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун КЭР СУАРга боло турган расмий сапары жана 2023-жылдын октябрында Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапары талкууланды.

Тараптар Кытай Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнүн жүрүшүнө токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун алдыга жылдырууну тездетүүнүн, «Торугарт» жана «Ирештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруунун, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Учурдан пайдаланып, министр Жээнбек Кулубаев Ван Инин Кытайдын Тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн айтып, аны каалаган убакта Кыргыз Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты