Кыргыз-кытай чек арасынын өткөрүү пункттары 3-октябрга чейин жабык болот

  • 5 дней мурун

Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн майрамдоого байланыштуу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын “Торугарт-автодорожный” жана “Эркештам-автодорожный” өткөрүү пункттары 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабык болот.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Аталган өткөрүү пункттарынан адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүү 4-октябрда жандана турганы маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты